Социалдык комитет вице-премьер-министрлик жана Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына сунушталып жаткан талапкерлерди колдоду
Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети учурда ал комитетти жетектеп турган депутат Дамира Ниязалиеваны КР вице-премьер-министрлик кызмат ордуна көрсөткөн Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин сунуштамасын жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.
Ушундай эле Өкмөт башчы тарабынан комитетин кароосуна жолдонгон сунуштама боюнча Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына Айбек Азыранкуловдун талапкерлиги да жактырылып, Жогорку Кеңешти кароосуна жиберди.
Аталган жогордагы эки талапкер тең КСДП фракциясы тарабынан сунушталууда. Буга чейин депутат Данияр Тербишалиевдин талапкерлиги Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына көрсөтүлгөндө, депутат бул сунуштан өз ыктыяры менен баш тарткандыгын жарыялап, маалымат жыйынын өткөргөн деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply