Президент А.Атамбаев: Бирдиктүү экономикалык мейкиндиксиз республикага жеңил болбойт

Бирдиктүү экономикалык мейкиндиксиз республикага жеңил болбойт. Бул тууралуу 17-декабрда «Российская газета» басылмасына берген маегинде президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
«Мен ар дайым өз элимдин кызыкчылыгын биринчи коем. Бир гана реэкспорттон иштеп табууга болбойт. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, биригүү менен гана алдыга жылыгууга болот. Бул объективдүү реалдуулук», – деди ал.
Анын айтымында, Евразиялык экономикалык коомдоштуктун өлкөлөрү – Кыргызстандын экономикалык өнөктөштөрү гана эмес, баарынан мурда коңшулук духтары жакын.
«Биздин тарыхыбыз бир, жана келечегибиз дагы бир деп ишенем. Евразиялык экономикалык биримдикке киребиз, албетте, Кыргызстандын кызыкчылыгын сактоодо гана. Чечимдерди кабыл алууда биз бир гана экономикалык максаттуулукту жетекчиликке алабыз. Бул кадам биздин өндүрүштү жандандырат, коопсуздукту бекемдейт, кошуна мамлекеттер менен чек араларды ачат, элдин жашоо деңгээлин жакшыртат», – деди ал.
Өлкө башчы белгилегендей, бул бирикмеге кошулуу экономикалык өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
«Кыргызстанга өз товарларын, өз жумушчу күчтөрүн ээн-эркин айлантуу үчүн мүмкүнчүлүк керек. Республикага каржылык ресурстар эркин келиши керек. Эгерде биз өнүккүбүз келсе, товарлардын реэкспортунан качкыбыз келсе, жасалма экономикадан четтеп, нормалдуу, өндүрүшкө негизделген, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө негизделген экономиканы кургубуз келсе, бизге кайсы бир чоң рыноктор ортосунда чек ара болбошу керек, жок дегенде эң маанилүү – экономикалык», – деп билдирди президент.

Leave a Reply