26-декабрда “Жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы көйгөйлөр” темасында тегерек стол өтөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети 2014-жылдын 26-декабрында Швейцария Өкмөтү тарабынан Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана “Өнүктүрүү саясат институту” мекемеси ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору менен биргеликте “Жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы көйгөйлөр” темасында тегерек стол өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чара жарандарды электр менен жабдууга тиешелүү көйгөйлөрдү, ошондой эле жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууну камсыздоо маселелерин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулоо максатын көздөйт.
Иш-чаранын милдеттери – КР Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын энергетика тууралуу бөлүмүнүн «Электр энергиясын, эң оболу ички керектөөчүлөргө берүүнүн ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу» милдетин ишке ашыруу.
Иш-чара өтчү күн жана убактысы: 2014-жылдын 26-декабры, саат 09:00дөн 13:00гө чейин
Иш-чара өтчү жер: Бишкек ш. “Парк Отель”.


Leave a Reply