Нарын шаары Жаңы жылга карата кооздолуп, 2 балаты орнотулду
Маалыматка ылайык, балатынын бири Нарындын борбордук аянтында орнотулуп, узундугу 15 метрди түзсө, 10 метр келген балаты Стадиондо да орнотулду. Ошондой эле шаардын көрүнүктүү жайлары жаңы жылга карата жасалгаланып, мамлекеттик мекемелер арасында өз имараттарын кооздоо боюнча атайын сынак жарыяланды. Сынактын жыйынтыгы 23-декабрда жыл мыктыларын аныктоого багытталган иш-чаранын алкагында чыгарылып, мэрия жана Шаардык кеңештин берген баасы боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.
Булак: super.kg


Leave a Reply