Жогорку Кеӊештин аял-депутаттарынын форуму шайлоо өнөктүктөрүндөгү гендердик маселелерди көтөрүштү
КР Жогорку Кеӊешинин аял-депутаттарынын форуму бүгүн, 17-декабрда кезектеги жыйынын өткөрдү, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.
Форумдун төрайымы депутат Айнуру Алтыбаева шайлоо өнөктүктөрүндөгү гендердик маселелерге байланыштуу депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу учкай маалымат берди.
Өкмөттүк эмес уюмдун эксперти Зулфия Кочкорбаева бийликтин шайлоо органдарына шайлоолордо гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуу чаралары боюнча чыгып сүйлөдү. Ал ар кандай деӊгээлдеги кеӊештерде гендердик өкүлчүлүк абалына токтолуп, маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүктөрүнүн маалында депутаттар менен өкмөттүк эмес уюмдарынын аракеттерин бириктирүү, шайлоодон кийин партиялык тизмени өзгөртүүгө тыюу салуу, дагы башка бир катар сунуштарын берди.


Leave a Reply