Депутат К.Бокоев: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктарынан тышкары, мамлекеттик органдардын айрым ишмердүүлүгүн каржылоосуз аткарууда”
Бул туралуу пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев “Парламент” радиосуна курган маеги учурунда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Депутат белгилегендей, Башмыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарат. Алар элге муниципиалдык кызмат көрсөтүү менен катар таза суу менен камсыз кылуу, таштандыларды чыгаруу, ички жолдорду оңдоо сыяктуу жергиликтүү маанидеги маселерди чечет. Бирок ушул күнгө чейин алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан тышкары, мамлекеттик органдардын айрым ишмердүүлүгүн финансылык каржылоосуз аткарып келишет. Мындай жагдай аймактагы социалдык маселерди чечүүдө жана финансылык каражаттарды өз максатына жумшоого терс таасирин тийгизүүдө–дейт депутат.
Депутаттын айтымында, бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелердин бири -мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ортосундагы чектөө принциптери аткарылбай жаткандыгында. Мындан улам айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө КР мыйзам ченемдерин ишке ашыруу зарыл экендигин эске алынып, тийштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда.
Депутат Кенжебек Бокоев маалымдагандай, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын ажыратуу тууралуу конституциялык жобону ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү зарылдыгы жаралууда.


Leave a Reply