АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен Баткенде эки жаңы чек ара посттору ачылды
АКШ элчилигинин аскерий атташеси Сюзанна Хенденсон менен КРнын мамлекеттик чек ара кызматтын төрагасынын биринчи орун басары полковник Искендер Мамбеталиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Айкөл жана Кулунду чек ара постторунун ачылышы аземине катышты.
12-декабрда АКШнын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эки жаңы чек ара посттордун ачылышы АКШ Борбордук командачылыгы тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматынын алыскы аймактарда жайгашуу жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүрүүгө каршы чара көрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максаты менен баңгизаттар менен күрөшүү программасы аркылуу каржыланды.
Полковник И.Мамбеталиев белгилегендей, эми чек ара аскерлерине АКШ өкмөтүнүн жардамы менен чек аранын көп жерлеринде жайгашып өз максатын аткарууга жакшы шарт түзүлдү.


Leave a Reply