Депутат К.Иманалиев белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго “Кыргыз эл баатыры” наамын берүүнү демилгеледи
Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Каныбек Иманалиев белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго “Кыргыз эл баатыры” наамын берүү демилгесин көтөрдү декп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Демилгечинин айтымында, чыныгы адал эмгеги менен үлгү болгон инсандар Кыргызстанда саналуу. Жогорку Кеңеш ошондой үлгү болчу инсандар тууралуу кыргыз элинин жүрөгүндө калгандай 2-3 жолу тарыхый чечим кабыл алган. Биринчиси – мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште депутат Марат Султановдун демилгеси менен, Жогорку Кеңештин токтому аркылуу улуу инсан Абсамат Масалиевичке «Кыргыз эл баатыры» наамын ыгаруу чечими. Экинчиси – Жогорку Кеңештин сунушу менен улуу инсан Искак Раззаковго мындай наамды ыйгаруу чечими. Бул абдан адилеттүү чечим болгон.
“Мына ошондой эмгегине акыйкат баасын ала элек, эгемен кыргыздын бир дагы сыйлыгына ээ болбогон, бирок эл сүйгөн улуу инсан – Султан Ибраимов. Биз, Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп, тиешелүү комитеттерге, парламенттик фракцияларга кайрылдык. Мамлекетти бекемдөө жылында мамлекетти кантип бекемдөөнүн үлгүсүн көрсөткөн инсан катары «Кыргыз эл баатыры» наамын берүү жөнүндө Президентке сунуштасак”,- дейт депутат К.Иманалиев.


Leave a Reply