«Парламентаризм сабактары» телеберүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында мамлекеттик эмес уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланат
Бүгүн, 11-декабрда саат 18.45 те Коомдук телеканалда «Парламентаризм сабактары» телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышы көрсөтүлөт. Анда Бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттин өз ара мамилеси, мамлекеттик эмес уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев жана коомдук иликтөө инстутунун жетекчиси Рита Карасартова катышат.


Leave a Reply