А.Жолдошов: “Билим берүү тармагындагы коррупцияга ата-энелер өздөрү да күнөөлүү”
Билим берүү тармагындагы жемкорлукка бир чети ата-энелер да күнөөлүү. Анткени айрым адамдар мектеп мугалимдерине баласына жакшы баа коюшу же сабакты сурабашы үчүн акча берип коюшат. Ал эми жогорку окуу жайларында студенттер лекцияларга катышпай, сессия учурунда акчанын күчү менен баа алууга аракет кылышат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин ЖОЖдор боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдыманап Жолдошов билдирди.
“Билим берүү тармагындагы коррупцияны толук жоюш үчүн бизге ата-энелердин да жардамы керек. Себеби кээде алар өздөрү мугалимдер менен окутуучуларга пара сунуштап, коррупцияга өздөрү шарт түзүп жатышат. Ал эми бизге тигил же бул окуу жайдагы жемкорлук тууралуу кайрылгандар ал билим берүү мекемесинин, пара талап кылган мугалимдер менен окутуучулардын аты-жөнүн айтышпайт. Ошондуктан биз кимге чара көрүүнү билбей калабыз”,- деди ал.
“Кабар-Пресс” Мамлекеттик маалымат кызматы


Leave a Reply