скачанные файлы

Өзүң үчүн да кызык дегендей, өткөн аптада Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунда “Кыргызтест” системасы ишке киргизилип, алгачкы сынакты Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат кызматкерлери тапшырышты.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти 2013-жылдын 1-июлунда кол койгон “Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыкты жүзөгө ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигине мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин тестирлөөчү системаны киргизүү жана 2014-жылы аны мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер арасында сынап көрүп, андан соң 2015-жылдан тарта колдонууга өткөрүү тапшырылган.

Тестирлөөнүн негизги максаты – мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин беш тепкич боюнча аныктоо: А – жөнөкөй (А1-түшүнүшүүгө жетээрлик деңгээл, А2 – орточо деңгээл ), В – өзүнө жетиштүү ( В1 -орточо деңгээл, В2 – ортодон жогорку деңгээл ), С – эркин билүү (С1 – кесипкөй деңгээл).

Тестирлөө эки этапта өткөрүлөт. Биринчисинде тестирлөөгө катышкан адам өзүнүн тил билүү деңгээлине баракча аркылуу баа берет. Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү деңгээлдеги тестирлөөдөн өтөт.

Лексика, грамматика, окуу, аудио, жазуу жана оозеки түрүндөгү субтесттерден турган тестти тапшырууга 2 саат 45 минута убакыт берилет.

Кошумчаласак, окуучулар, студенттер, мамлекеттик кызматкерлер жана башка жарандарыбыздын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү “Кыргызтест” системасын киргизүү үчүн КР Президентинин Жарлыгына ылайык Билим берүү жана илим министрлигине 2013-жылы 2,5 млн. сом, 2014-жылы 4,5 млн. сом бөлүнгөн.

Атай АЛТЫМЫШЕВ