Коррупцияга каршы күрөшкөнүбүзгө рейтинг далил
Transparency International эл аралык уюму 3-декабрда 175 өлкөнүн мамлекеттик секторундагы коррупциянын деңгээли боюнча 2014- жылдагы изилдөөлөрдүн отчетун жарыялады.
Аталган уюмдун маалыматына таянсак, Кыргызстан өткөн жылдагы 150-орундан быйыл 136-орунга көтөрүлдү. Бул көрсөткүч өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөш жүрүп жаткандыгын далилдейт. Жалпы рейтингдин алдыңкы үч сабын Дания, Жаңы Зеландия жана Финляндия ээлесе, Түндүк Корея менен Сомали тизменин эң этегинен орун алышкан. КМШ өлкөлөрүнүн арасында Түркмөнстан менен Өзбекстанга 166 жана 169-орундар ыйгарылган.
Мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жыйырма жылдан бери жарыяланып келе жатат.


Leave a Reply