Маалымат тапшыргандардын эсеби жарым миллионго жакындады
28–ноябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарды жыйноонун жүрүшү менен таанышуу максатында Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата райондоруна, Токмок жана Кант шаарларына барып, жети пункттун ишин көрдү.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча облус калкы менен жолугушууларды өткөрдү. Райондордун акимдери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана шаар мэрлери катышкан жолугушуу учурунда биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны жарым миллионго жакындап калгандыгын белгилеген Тайырбек Сарпашев: “Бир нече күндөн бери күнүнө 50 миңдей адам маалымат тапшырууда. 2015-жылдын 1-мартына чейин ушундай темпти кармоо зарыл. Андан соң негизинен мобилдүү топтор менен иш жүргүзүүгө өтөбүз. Ошондуктан, жергиликтүү бийликтин алдында биометрикалык маалымат жыйноону ыкчамдатуу жана калктын мамлекеттик бирдиктүү тизмесин сапаттуу түзүү милдети турат. Азырынча облустагы аракеттерди орточо деп бааласа болот. Сокулук жана Аламүдүн райондорунда ишти жандандыруу зарыл”, – деп айтты. Ошондой эле ал үч ай аралыгында облуста калктын кеминде 80 пайызынан маалымат алуу керектигин эскертти.


Leave a Reply