Өмүрбек Текебаев Кызыл-Кыяда жолугушуу өткөрдү
Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын катчылыгы маалымдагандай “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Наталья Никитенко, Сайдулла Нышанов, Уланбек Нуркулов, Бактыбек Калмаматов 29-ноябрда Кызыл-Кыя шаарынын шайлоочулары, активисттери, коомчулугу менен жолугушту. Шаар мэриясында өткөн жолугушууда шаардыктардын социалдык-экономикалык абалы, шаардын жашоо турмушундагы көйгөй маселелер талкууланды. Жыйын соңунда шайлоочулардын жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларынын талаптарын аткаруу үчүн бир нече документтер кабыл алуу планы коюлду. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Кызыл-Кыя цемент заводунда болуп, ишкананын жетекчилиги жана эмгек коллективи менен заводдун атуалдуу проблемалары жана аны чечүү жолу, ошондой эле өндүрүштү күчөтүүдөгү иштин натыйжалуу багыттарын арттыруу менен техникалык, экономикалык көрсөткүчтөрдү күчөтүү боюнча баарлашты.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply