арапбаев1

 Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин заманбап лабораториясынын жоктугунан улам, кенде канча алтын, канча пайыз бар экендигин эч ким билбей тургандыгы көп айтылат. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинин «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жаткан отурумунда депутат Азамат Арапбаев («Ата Журт») маалымдады.

Анын айтымында, Мамгеологиянын лабораториясы үчүн каржылоо жок. «Ошондуктан көзөмөлдөн чыгып кетип жатат. Биз кен, экономиканын локомотиви болуш керек деп жатабыз. Бирок Мамгеологиянын иш сапарларга каражаты жок. Ким эмне кылып жаткандыгын билбейт. Ошондуктан бул мыйзам долбоорду сунуштап жатабыз», – деди ал.

Депутаттар төлөмдөрдүн 20% лицензияларды кармап туруу үчүн Мамгеологияда калышын сунуштаган мыйзам долбоорду карашууда.

Комитеттин жетекчисинин орун басары Курманбек Дыйканбаевдин («Республика») пикиринде, эгер лаборатория болсо, кандай өлчөмдөгү кен чыгарылып жаткандыгын баары билишмек.