Экс-министр Д.Сагимбаева Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалды

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагимбаева Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сагимбаева бүгүн госпиталдын жамаатына тааныштырылды.
Эске салсак, Д.Сагимбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан бошогон.
Булак: “Азаттык” радиосу

Leave a Reply