банк

“Жыл сайын Кыргызстандын аймагы аркылуу наркосоодагерлер 7 тоннага чейин героин ташып өтүшөт. Анын 1 тоннага жакыны Кыргызстанда калат”, – деп айтты 20-ноябрда өткөн наркотикалык каражаттарды жана психотроптук заттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик координациялык кеңештин экинчи отурумуна катышкан Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Евгений Терехин.

“Антинаркотикалык программаларды жүзөгө ашыруу үчүн Орусия Кыргызстанга 7,2 миллион доллар бөлөт”, – деп кошумчалады элчинин орун басары.