Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө Шабдан баатырдын эмгеги эбегейсиз
Бул күндөрү мамлекеттик жана аскердик ишмер, атактуу Атаке баатырдын тукуму Жантай уулу Шабдан баатырдын 175 жылдык мааракеси белгиленип жатат.
19-ноябрда тарыхый инсандын 175 жылдыгына карата баш калаабызда өткөн салтанаттуу иш-чарага катышкан биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: “Бул салтанат чоң окуя. Себеби, Шабдан баатыр кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биримдигин сактоого эбегейсиз салым кошкон инсандардын бири. Эгер өсүп, өнүгөбүз десек, өз тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Мындай иш-чараларды өткөрүп туруу өсүп келаткан муундарга сабак болот. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күчтүү экономика, күчтүү маданият жана тарыхы сыяктуу үч негизги принциби болсо гана, биз өнүккөн чыйрак өлкөгө айланабыз”, – деди жана Шабдан баатырдын 175 жылдыгына арналган биографиялык кинотасманы тартуу башталгандыгын кошумчалады.

Leave a Reply