ниязалиева
Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы жаратылыш кырсыгы болгон жер титирөөдөн жабыркаган тургундар менен жолугушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлү шайлоочуларынын абалы менен жеринен таанышып кайтмакчы. Жолугушуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы маданият үйүндө болот.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 14-ноябрында Кыргызстанда жер титирөө болуп, анын эпицентри болуп Ысык-Көл облусунун түштүк аймагы катталган. Райондун Тосор, Кажы-Сай, Бөкөнбаев айылында жер титирөө 7 баллга чейин жетип, айрым мектептерде, бала-бакчаларда, үйлөрдө жаракалар пайда болгон.