бланки1

Мурда козголгон кылмыш иштин алкагында ИИМдин Башкы иликтөө башкармалыгы бүгүн, 21-ноябрда «Ред борбор» («Ред центр») соода борборундагы «Атлас крипт» компаниясынын кеңсесине текшерүү иштерин жүргүздү.

Бул маалыматты АКИpress агенттигине ички иштер министри Мелис Турганбаев тастыктады.

Анын айтымында, мурда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан кылмыш иши козголгон. Аталган ишти иликтөө тапшырмасы ИИМге берилгендигин белгилеген М.Турганбаев: «Учурдагы текшерүү иштери мыйзамдын алкагында жүргүзүлүп жатат», – деп кошумчалады.

Өкмөттүн 2011-жылдын 3-мартындагы буйругуна ылайык, «Атлас крипт» компаниясы мамлекеттик документтердин ар кандай бланктарын:

– улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү;

– эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү;

– убактылуу айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү;

– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү бланктын үлгүсү;

– транспорт каражатынын техникалык талонундагы бланктын үлгүсү;

– транспорт каражатынын транзиттик номурунун бланкынын үлгүсү;

– окутуу жөнүндө күбөлүктүн бланкы;

– өздүк карточкалардагы бланктын үлгүсү;

– Жол кыймылынын эрежеси боюнча сынактык карточкалардын бланкын даярдоо менен алектенет.