Бишкек шаардык кеңеши шаар аймагында насвайды жана тамекини дааналап сатууга тыюу салууну сунуштоодо
Бишкек шаардык кеңеши «Бишкек шаарынын аймагында соода иштерин жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыгат.
Шаардык кеңештин материалындагы маалыматка ылайык, эрежени Бишкек шаарынын аймагында:
а) насвайдын сатууга;
б) тамекини дааналап сатууга жана саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринде, спорттук залдарда жана курулмаларда, стадиондордо жана ага тиешелүү жайларда жана 100 метр радиустагы дүкөндөрдө сатууга;
в) алкоголдук продукцияны бала бакчаларда, билим берүү мекемелеринде жана ага тиешелү аймактарда, ошондой эле медициналык мекемедеги 100 метр радиустагы аймактарда, ошондой эле массалык иш-чара өткөн аймакта, чатырда, контейнерде, колдо, унаада сатууга;
г) тамекини, алкаголдук жана аз пайыздагы алкаголдук продукцияларды жашы жете электерге, тактап айтканда 18 жашка чыга электерге сатууга тыюу сала турган пункт менен толуктоо сунушталат.
Токтомдун долбоорунда айтылгандай, тамеки, алкаголдук продукция жана аз пайыздагы алкаголдук продукциянын сатуучусу сатып алуучудан өздүгүн тактаган документтерин талап кылып, талап кылынган документтер көрсөтүлбөгөн учурда сатуудан баш тарта алат.
Бишкек шаардык мэриясына аталган токтомдун аткарылышы боюнча ыйгарымдуу органдарды тартуу менен рейддердин жана иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшыруу сунушталат.
Долбоордун демилгечиси Бишкек шаардык кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев.

Leave a Reply