Ысык-Көл менен Ирандын Мазандаран провинциясы кызматташуу боюнча макулдашты
Жакында көгүлтүр Көл кылаасында Иран Ислам Республикасынын Мазандаран провинциясынын губернатору Раби Фаллах Джелодар мырза жетектеген ишкерлер тобу болуп, өрөөндөгү бир катар чарбалар, ишканалар менен таанышкандан кийин КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаев менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлду…
Аймактардын табигый-климаттык шарттары окшош келип, ишкердүүлүк багыттары да максатташ болгондуктан, эки тараптуу кызматташуу сунушу меймандарга Э.Каптагаев тарабынан сунушталган эле.
Облустук өкүлчүлүктөн алынган маалыматтарга караганда, эки өрөөн ортосунда мындан ары соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы иш-аракеттер башат алат.
Меймандарды Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Налжафи Хошруди мырза коштоп жүрдү.
Эгемберди САДАБАЕВ


Leave a Reply