К.Осмоналиев: “Мектеп керек болгон жерлерге курулбай жатат”
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети бүгүн “Республикалык бюджеттин 2013-жылы аткарылышы тууралуу отчет жөнүндө” мыйзам долбоорун кароо учурунда комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев былтыркы жылы Кыргызстанда мектептердин курулушуна Түркия мамлекетинен 1 миллиард 895 миллион сом өлчөмүндөгү кредит кандай тартипте бөлүштүрүлгөндүгүнө кызыкты.
Анын айтымында, республиканын айрым аймактарында мектеп жетишпегендиктен, балдар кошуна айылдардагы мектептерге каттап, билим алышууда. Ал эми мектептер керек болгон жерлерде курулбай жатат.
Бул боюнча Каржы министри Ольга Лаврова мектептердин курулушу боюнча Өкмөттүн тиешелүү токтому бар экенин айтып, аткаруучулар Мамлекеттик курулуш, Каржы министрлиги, жана ЖКнын Бюджет боюнча комитети болгондугун, ал эми Түркиядан мектептердин курулушу үчүн бөлүнгөн каражат тизмеге кирген 47 мектептин курулушуна сарпталгандыгын белгиледи. Учурда ал тизмедеги мектептердин көбү бүткөн дейт ал.
Динар Турдугулова


Leave a Reply