газпром1«Кытай-Борбор Азия газ кууру аркылуу Кытайга жөнөтүлгөн жаратылыш газынын жалпы көлөмү 100 млрд. метр кубдан ашты”, – деп билдирди Синьхуа агенттиги.

Бүгүнкүгө чейин газ куурларынын А, В жана С линиялары курулуп бүттү. Ушул жылдын сентябрь айында Түркмөнстандан Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу өтүүчү узундугу 1000 чакырымдык Д линиясын куруу башталды. Ал аяктаса Кытай жалпы долбоор боюнча 30 млрд. метр кубдук жаратылыш газын алып турмакчы. Д линиясынын наркы 6,7 млрд. долларды түзөт. Долбоор 2020-жылы толук бүткөрүлөт.