Президент диний концепцияга кол койду
Президент Алмазбек Атамбаев 2014-2020-жылга чейин диний жааттагы саясат боюнча концепцияга кол койду. Бул тууралуу Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, көз карандысыз диний эксперттер 17-ноябрда маалымат жыйынында билдирилди. Буга чейин концепциянын долбоору өлкөнүн Коргоо кеңешинде жактырылган. Анда дин менен мамлекеттин алакасы так көрсөтүлгөн, диний сабаттуулукту жогорулатуу, диний экстремизмдин жана диний фанатизмдин алдын алуу чаралары каралган. Концепциянын негизинде Өкмөткө 2015-жылдын 1-январына чейин бул тармактагы аткарылчу иштердин планын иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусу менен ар кыл талкуулар өткөрүлмөкчү. Кыргызстан калкынын маданиятын, тилин жана руханий баалуулуктарын сактоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгы, өлкөнү өнүктүрүүнүн өзгөчөлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 2013-1017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында иш алып баруу жагы баса белгиленди.


Leave a Reply