Кыргызстандык спортчу Бекболсун Кушубаков Тайланддагы Азиянын пляждык оюндарында күмүш медалга ээ болду.

Оюндардын расмий сайты маалымдагандай, 17-ноябрда 80 кг жогорку салмак даражасында пляждык күрөш жүрүп, Кыргызстандан барган Б.Кушубаков мелдештерге чыкты.

Алдын ала жүргүзүлгөн этапта Катар, Камбоджи жана Чехиянын спортчуларын жеңген кыргызстандык спортчу жарым финалга жолдомо алды. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште сириялык Махер Алхаяттин үстүнөн жеңишке жетти.

Негизги беттеште Б.Кушубаковдун каршылашы ирандык Жабер Садехзаде болуп, финалдык беттеш 2:0 эсеби менен ирандык спортчунун пайдасына аяктады.

Эске салсак, бул медаль Кыргызстан үчүн аталган оюндардагы 2-медаль. Мурдараак самбо боюнча мелдештеге түшкөн Артур Те да күмүш медалга ээ болгон.

Б.Кушубаковдун мелдештери:

80 кг жогору

Алдын ала беттеш

Жафр Ханмхан (Катар) – Бекболсун Кушубаков (Кыргызстан) – 0:2

Бекболсун Кушубаков (Кыргызстан) – Леюн Чап (Камбоджа) – 2:0

Бекболсун Кушубаков (Кыргызстан) – Джейсон Балбал (Чехия) – 2:0

Жарым финал

Бекболсун Кушубаков (Кыргызстан) – Махер Алхаят (Сирия) – 2:0

Финал

Жабер Садехзаде (Иран) – Бекболсун Кушубаков (Кыргызстан) – 2:0.

Кушубаков3

Кушубаков2

Кушубаков1

Кушубаков

Сүрөт: UWW

Булак : Баракелде