Алгалай бер, Академия
Улуттук илимдер академиясы – 60 жашта
14-ноябрда КР Улуттук илимдер академиясы өзүнүн 60 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Илимдер академиясынын оош-кыйыштары, жетишкендиктери жөнүндө “Эркин Тоо” гезити буга чейин далай материалдарды чыгарган. Бул жолкусунда жөнөкөй кызматтарда иштеп, бирок оор түйшүктөрдү көтөрүшкөн айрым кызматкерлердин ишин жазып, Илимдер академиясынын мааракелик күнүндө аларды куттуктайлы деп чечтик.
Закия Мамыркулова
1981-жылдан баштап Улуттук илимдер академиясынын илим-изилдөө институттарында эмгектене баштаган. 1998-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Илимдер академиясынын Президиумунун жалпы бөлүмүндө башкы адис болуп иштейт. Бул бөлүмдүн негизги аткарган кызматы – Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппаратынан, мекеме-уюмдардан, ЖОЖдордон, чет мамлекеттерден, жалпы эле жарандардан келген каттарды, корреспонденцияларды каттап, Академиянын президентине, жетекчи курамына жеткирүү, кайра аларды көзөмөлгө алуу менен жоопторун өз убагында жөнөтүүнү камсыздоо. Закия Бейшеевна мына ушул көзгө көрүнбөгөн майда, бирок түйшүктүү, жоопкерчиликтүү жумушта 16 жылдан бери, жалпы жонунан 33 жылдык тажрыйбасы менен иштеп келатат. Акырын сүйлөп, алп жумуштарды бүтүргөн Закия эже айрым учурда акты кара деген адамдардын айыбын ачык айтып, агынан жарылганга даяр. Мындай сапаты иштин алдыга жылышын шарттап келатат. Өз кызыкчылыгынан иштин кызыкчылыгын биринчи планга коюп, көп жылдан бери бир кызматты аркалап, анын майын чыгара иштеп келаткан Закия Бейшеевнанын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалайбыз.
Мукаш Мамбетов
Бул адам Кыргызстандын көп райондорун жетектеген мыкты инсан. Чарбачылдыгы, көрөгөчтүгү менен далай жолу элдин алкышына татыган. Илимдер академиясынын иш башкаруучусу кызматына келгенине бир жыл болбой жатып, академиянын ички-сырткы жасалгасын жасоого жан дили менен киришти. Азыр Илимдер академиясынын чоң залы жана фойеси жасалгаланып, кирген адамга жакшы маанай тартуулоодо. Бул боюнча биз Мукаш Саамалыковичти сөзгө тарттык. “Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевич мунун башында туруп, 60 жылдыкка даярдык көрөлү, ичи-сыртын жаркыраталы деген идеясын берди. Негизги акчаны арендага берген кабинеттерден алдык, Өкмөт дагы колдоду. Анын ар бир тыйынын текке кетирбей ички, тышкы ремонтторду жасап, Академиянын алдына алгачкы академиктердин: Скрябин, Каракеев, Ахунбаев, Адышевдердин эстеликтерин тургуздук. Бир кирген адам жаркыраган ак үйгө кирсе дейбиз. Мындан ары дагы токтобой Академиянын үстүнкү кабатындагы залдарды, кабинеттерди, жылуулук берүүчү системаларын оңдойбуз. Бул боюнча Өкмөткө кайрылдык. Илимдер академиясынын жалпы аянты илим-изилдөө институттарын кошкондо 3,2 гектар жерди ээлейт. Анын жашыл зонасы көбүрөөк. Арча, карагайлар көп жылдык болуп бой тиреп турат. Буюрса мындан ары жакшы иштер болооруна ишенем”, – деди Мукаш Мамбетов.
Сымбат Максутова


Leave a Reply