Түркмөнстан Кыргызстанга ачылды…
Кыргыз-түркмөн мамилелери ишенимдүү өнөктөштүктү бекемдейт
11-ноябрда Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга расмий сапары менен барды. Сапардын алкагында Ашхабад шаарындагы Огузхан Аксарай комплексинде Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы түрдүү тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча, соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-түркмөн кызматташуусун активдештирүү зарылдыгына көңүл бөлүштү.
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Ашхабад шаарына болгон иш сапарынын максаты кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүгө, ошондой эле бардык деңгээлде эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө багытталган. Андыктан, иш сапардын алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүндө бир катар маанилүү маселелер каралды. Алардын башкы сабында эки элдин соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуусу боюнча жана Борбордук Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуунун негизги маселелери туурасында болду. Тараптар эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелерге дагы көңүл бөлүштү.
“Биз оболу өлкөлөр ортосундагы укуктук-келишимдик базаларды кеңейтүү боюнча иш жүргүзүшүбүз керек. Ал эми Түркмөнстандын энергетикалык потенциалын эске алганда, бул жаатта биздин кызматташуубуз региондо үлгү болуп калаарына үмүтүм зор”, – деди Алмазбек Атамбаев. Түркмөн башчысы Гурбангулы Бердымухамедов да кесиптешинин пикирин колдой, Кыргызстан Түркмөнстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналаарын жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи. “Кыргызстан биз үчүн боордош өлкө, биз аны узак мөөнөттүү өнөктөш катары карайбыз. Алдыбызда экономикалык, соода-инвестициялык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кеңири кызматташуу орнотуу милдети турат. Биз соода-экономикалык кызматташууга, транспорт, энергетика жана инвестициялар тармактарында өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүүгө тийишпиз. Ошондой эле эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды да активдештирүүбүз зарыл” – деген Түркмөнстандын Президенти эки өлкөнүн ортосундагы азыркы товар жүгүртүү көлөмү эки тараптуу кызматташуунун учурдагы мүмкүнчүлүгүнө төп келбестигин белгилейт.
Эки тараптуу маанилүү келишимдерге кол коюлду
Кыргыз жана түркмөн мамлекет башчыларынын мамлекеттик деңгээлдеги жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Буга улай эле тараптар Кыргыз Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөндүк Өкмөттөр аралык комиссия жөнүндө макулдашуу, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосунда маданият чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Түркмөнстан Тышкы иштер министрлигинин эл аралык мамилелер институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум, Өкмөттөр ортосунда салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуу, ошондой эле Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркмөнстандын финансы министрлигинин ортосунда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу, дене тарбия тармагында макулдашуу сыяктуу бир катар документтерге кол коюшту. Бул келишимдер жана макулдашуулар эки элдин жана өлкөлөрдүн ар тараптуу кызматташтыгын кеңейтсе, ошол эле учурда достук мамилелерди дагы да чыңдоого өбөлгө болоорунда шек жок.
Түркмөнстан Кыргызстанга 700 млн.кВт/с электр энергиясын берүүгө даяр
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн Президенттери кеңири курамда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты. Анда өлкө башчылары сүйлөшүлгөн жана каралган маселелер эки өлкөнүн экономикасына жана саясатына таасири кандай болоору жана жолугушуудан кандай жыйынтыктар чыгаары туурасында болжолдуу ой-пикирлерин ортого салышты.
Мында айтылгандардан улам Түркмөнстан Кыргызстанга 700 млн.кВт/с электр энергиясын берүүгө даяр экендиги белгилүү болду. «Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жана фундаменталдуу өттү. Биз бир катар маанилүү: жылуулук-энергетикалык, газ, түркмөн электр энергиясы менен Кыргызстанды камсыздоо маселелерин талкууладык. Ачыгын айтышыбыз керек, азыр Кыргызстанда абал жакшы эмес экендиги жашыруун эмес. Түркмөнстан 700 млн.кВт/с электр энергия берүүгө даяр. Ал эми келечекте 1 млрд. кВт/с жана андан да көп электр энергиясын берүүгө даяр», – деди Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу Түркмөн Президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү да Түркмөнстан электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүп жаткандыктан, жакын арада электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүү маселесин карап чыгууга даяр экендигин тараптардын сүйлөшүүсү учурунда билдирген.
Анын айтымында, Түркмөнстан бүгүнкү күндө электр энергиясын өндүрүүнү кеңейтүү боюнча программаларды, ошондой эле коңшу мамлекеттерге экспорттоону ишенимдүү түрдө жүргүзүп келет. “Биз Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоону карап чыгууга даярбыз. Муну ишенимдүү түрдө айта алам”, – деди Түркмөн башчысы Г.Бердымухамедов.
Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев “Түркмөнстан бардык ресурстар боюнча Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даяр экенин көрүп турам. Бул да болсо Гурбангулы мырза, Сиздин кең пейилдигиңизден кабар берет. Биздин энергетика тармагындагы кызматташуубуз башка аймактарга үлгү болот деп ишенем», – деди.
Кыргыз-түркмөн Өкмөттөр аралык комиссия түзүлөт
Мындан тышкары иш сапардын жетишилген ийгиликтеринин бири – соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөндүк Өкмөттөр аралык комиссия түзүү тууралуу маселенин бышкандыгын белгилеп кетүү абзел. Аталган комиссия Түркмөн Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Алмазбек Атамбаевдин биргелешкен сунуштары менен кең жана көлөмдүү болмокчу. Бул боюнча Түркмөн башчы түзүлө турган комиссиянын алкагында экономикалык маселелер сүйлөшүлүп, ыңгайы келсе илимий-техникалык, ошондой эле маданий мамилелерге байланыштуу маселелер да каралаарын айтат.
Биринчи түркмөн башчынын мавзолейине гүлчамбар койду
Жолугушуулардан соң Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын биринчи Президенти Сапармурат Ниязовдун мавзолейине жана Түркмөнстандын Көз карандысыздыгынын урматына тургузулган монументке барып, гүлчамбар койду. Андан ары өлкө башчылары ат-спорттук комплексине барып, «Галкыныш» цирктик атчандар тобунун оюн-тамашаларына ортоктош болушту.
Коңшулар менен достук мамилелер чыңдалууда
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Түркмөн өлкөсүнө болгон мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп кетүү абзел. Бул сапар эң негизгиси, келечек үчүн кубаттуу пайдубал тургузганга тете десек жаңылышпайбыз. Анткени, иш сапардын алкагында 9 документке, анын ичинде достук, өз ара түшүнүүчүлүк жана кызматташтык жөнүндө келишимдерге кол коюлуп, анан да соода-экономикалык байланышты активдештирүү тууралуу макулдашылып, кыргыз-түркмөн Өкмөттөр аралык комиссия түзүлдү. Бул жетишилген ийгиликтер эки тараптуу кызыгууну жараткан элдик айыл чарба тармагында өз ара кызматташтыкты жемиштүү кылаарына күмөн жаратпайт деген ишеним арттырат.
Буга чейин айтылып келгендей, быйылкы жыл айрыкча, электр кубатынын жетишсиздиги жагынан Кыргызстан үчүн оор жыл болууда. Кыш алдындагы электр каатчылыгынын келип чыгышы маселелердин орчундуусу экендиги талашсыз. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин кечээ жакында Казакстандын Астана шаарына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында дал ушул электр кубаты менен кыргызстандыктарды толук камсыз кылуу маселесин чечип келди. Мындан улам, айрым көралбастардын “Кыргызстандын коңшулар менен мамилеси солгундады” деген кинелери суу кечпей калганын белгилеп өтөлү. Солгундамак тургай, Алмазбек Атамбаев өзү чакырып кеткендей достук мамиледе жана жылуу маанайда өтүп жатат.
Динар Турдугулова


Leave a Reply