1336527603-707

12-ноябрда, Президент Алмазбек Атамбаев Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Бигельдинов Талгат Якубековичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

“Үй-бүлөңүздөрдүн башына түшкөн оор кайгыны тең бөлүшөм. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өз атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алууңуздарды өтүнөм. Биз орду толгус жоготууга учурадык – 93 жашында Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Бигельдинов Талгат Якубекович дүйнөдөн кайтты”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Талгат Бигельдинов 1922-жылдын 5-августунда Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) туулган. 1940-жылдан баштап Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөгөн, Оренбург аскер авиациялык мектебин бүтүргөн.