жер титир

2014-жылдын 15-ноябрынын саат 08:00гө карата республиканын аймагындагы кырдаал боюнча күндөлүк ыкчам маалыматынын билдирүүлөрүнө таянсак Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2014-жылдын 14-ноябрында саат 07:24тө эпицентрде 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу: Ысык-Көл областынын Тоң районунун Кажы-Сай айылынан 17 чакырым түштүк-чыгышты, Тосор айылынан 22 чакырым түштүк-батышты, Бөкөнбаев айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышты жана Балыкчы шаарынан 105 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

         Жер титирөөнүн координаттары: түндүк тууралыгы 42º00´; чыгыш кеңдиги 77º19´.

Жер титирөө: Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга  айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл  жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.

Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагындажер титирөөнүн кесепетинен Кажы-Сай шаарчасында 21 турак жайдын дубалдарында жана “Хадича” реабилитациялоо борборунун дубалында жаракалар пайда болгон.

Мындан сырткары, Кажы-Сай шаарчасындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектептин жана балдар бакчасынын дубалдарында 3-4мм жаракалар пайда болгон. Окуу процесси токтотулган. Маданият үйүнүн дубалдарында 7-8 см жаракалар пайда болгон.

Ошондой эле Кажы-Сай шаарчасында жайгашкан “Алтын жээк” пансионатынын дубалдарында 5мм жаракалар пайда болуп, Кажы-Сай шаарчасындагы Интернат үйүнүн дубалдарында  3мм жаракалар пайда болгон.

Ак-Терек айыл аймагында  жер титирөөнүн кесепетинен 89 турак жайдын  (Кара-Коо айылында 24 турак жай, Кызыл-Туу айылында 9 турак жай, Бар-Булак айылында 23 турак жай, Калкагар  айылында 12 турак жай жана Дөң-Талаа айылында 21 турак жай) дубалдарында жаракалар пайда болгон.

Көк-Мойнок айыл аймагында жер титирөөнүн кесепетинен 75 турак жайдын (Көк-Мойнок-1 айылында 30 турак жай, Көк-Мойнок-2 айылында 24 турак жай жана Ак-Олон айылында 21 турак жай) дубалдарында жаракалар пайда болгон.

Тоң айыл аймагында жер титирөөнүн кесепетинен Коргонду айылында 15 турак жайдын  дубалдарында жаракалар пайда болгон жана 1 маданият үйүнүн дубалдарында жаракалар пайда болгон. Мындан сырткары Сары-Талаа участогунда 2 турак жайдын дубалдарында 3мм жаракалар пайда болгон.

Күн-Чыгыш айыл аймагында жер титирөөнүн кесепетинен Бөкөнбаев айылында жайгашкан Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин дубалдарынан 2-4мм жарака кеткен, Шамий атындагы орто мектебинин дубалдарынан 2мм жарака кеткен жана мектептин отканасынын дубалдарынан 3-4см жарака кетип, откана авариялык абалга келген.

Мындан сырткары Алтымышбаев атындагы орто мектептин дубалдарынан 2-3мм жарака кеткен жана спорт залынын дубалдарынан 5мм жарака кеткен. Окуу процесси убактылуу токтотулган.

Ошондой эле Балыкчы шаарында жер титирөөнүн кесепетинен Фрунзе көчөсүндө жайгашкан 1 турак жайдын дубалынан 3-4мм жарака кеткен. Турак жай 2013-жылдан бери көзөмөлдө турган. Аныктоо иштери улантылууда.

Ал эми Жети-Өгүз району боюнча: Тамга айыл аймагында жер титирөөнүн кесепетинен Тосор айылында 15 турак жай көзөмөлгө алынды.

Жалпы Тоң районунда жер титирөөнүн кесепетинен 202 турак жайдын, 4 орто мектептин, 1 бала бакчанын, 1 реабилитациялоо борборунун, 1 маданият үйүнүн жана 1 интернаттын дубалдарында жаракалар пайда болгон.

Жети-Өгүз районунда 15 турак жай көзөмөлгө алынган. Балыкчы шаарында 1 турак жайдын дубалдарында жаракалар пайда болгон. Аныктоо иштери улантылууда.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 2014-жылдын 15-ноябры күнү эртең менен аталган аймакта атайын штабдын отурумун өткөрүп, жарандык коргонуу кызматтарынын маалыматтарын угуп, аларга мындан аркы иш-милдеттери боюнча тиешелүү тапшырмаларды жүктөдү. Жарандык коргонуу кызматтарынын маалыматтарына таянсак, Энергиялык жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматынын маалыматы боюнча:

Тон районунда Кажы-Сай шаарчасын электр энергиясы менен камсыздаган  “Кажы-Сай”  110/6/10 кВ подстанциясында жер титирөө убагында Фидер 6 жана 10 кВ  «Поселок», «Завод 2» жана  «ЖКО» авариялуу өчүрүлгөн.

“Бөкөнбай” 110/10 кВ подстанциясында В-110 Т-1 жана Т-2 трансформаторлору коргоодон өчүрүлгөн. Кажы-Сай ПС 110/6-10 кВ Фидерлери авариялуу өчүрүлгөн.

Текшерүү иштерин жүргүзүүгө Тон райондук РЭСтин 2 тобу жана Кажы-Сай, Бөкөнбай ПСтин шаймандарын текшерүүгө Тамга бригадасынын подстанция тобу чыккан.

«Кажы-Сай» ВВЛ-10дон тышкары иштетүү убактысында авариялуу өчүрүлгөн “Бөкөнбай ” 110/10    ПСинде Т-1 фидери 10кВ 1.2  СШ-10кВ ишке киргизилген.

ДЭМдин имараты жана курулуштарын текшерүү убактысында жабыркаган имараттар жок болуп чыккан. Кажы-Сай, Бөкөмбаев жана Коргонду-Булак айылдарынын объектилери жана “Кажы-Сай” ВЛ 10 кВт текшерилген. Фидер ВЛ10 кВт «Кажы-Сай»  ишке киргизилген.

Кажы-Сай ПС 110/ 6-10кВт подстанциясынын “Тоң” ВЛ10 кВт Фидеринде 355 жабыркоо табылган. Тамга жана Кажы-Сай 220кВ подстанциясынын имаратында жана курулуштарында анча байкалбаган жаракалар табылган. ОПУ220-110кВсынын имаратында үзүлгөн  орнотулган маяктар табылган.

Коргонду-Булак, Бөкөмбай жана  Кажы-Сай айылдарында 10 жана 04 кВтларынын чубалгыларын тандап текшерүүдө жабыркоолор байкалган эмес.

”Ысык-Көл-Тамга” 220кВ тилкесин текшерүү иштери 2014-жылдын 15-ноябрына белгиленген. Электр энергиясынын жалпы үзгүлтүккө учураганы 8208 кВт саатты түздү.

Ал эми облустук Жарандык коргонуунун кабарлоо жана байланыш кызматынын маалыматы боюнча:

Кажы-Сай, Тогуз-Булак айылдарындагы подстанциялардын имараттарында жаракалар байкалган. «Кыргызтелеком» ААКнын бардык байланыш каражаттары штаттык режимде иштеп жатат. «Кыргызтелеком» ААК байланыш курулуштарында коркунуч келтирген кыйроолор жок.

Облустук Жарандык коргонуунун транспорттук кызматынын маалыматы боюнча:

Тилкелик курулуштарда, жол ондоо пункттарында, унаа жол тилкелеринде жана жасалма курулуштарда кыйроолор катталган эмес.

Облустук Жарандык коргонуунун инженердик кызматынын маалыматы боюнча:

Тон районунда турак үйлөрдү жана социалдык маданий объектилеринин кыйроо даражасын аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Маалыматтар топтолууда.

Облустук Жарандык коргонуунун  өрткө каршы, коомдук тартипти сактоо, суудан коргоо жана медициналык кызматтарынын маалыматтары боюнча:

Административдик имараттарда жана объектилерде кыйроолор жана жабыркоолор катталган жок.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсык болгон аймакка министрлик тарабынан өзгөчө көңүл бурула турганын, бул жактагы жабыркаган имараттарды тыкыр иликтөөдөн өткөрүү үчүн министрликтин мониторинг департаментинин директору баштаган ыкчам топ кечээ Ош шаарынан чыккандыгын кошумчалады. Андан жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандар менен жолугушуу үчүн кырсык болгон айылдарга жөнөп кетти.