Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда Илим жана техника жагында мамлекеттик сыйлыктын лауреаттарына сыйлыктарды тапшырды. Лауреаттардын “Кыргызстандын алтын кендерин натыйжалуу жана коопсуз иштетүүнү илимий жактан камсыз кылуу” эмгеги Кыргызстанда кен иштетүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Президент мамлекеттик сыйлыктын лауреаттарынын эмгеги өндүрүшкө ийгиликтүү киргизилишине токтолуп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи. “Сиздердин илимий иштер “Жер-Үй”, “Чаарат”, “Андаш”, “Терекан”, “Насоновское” алтын кен долбоорлоруна киргизилип, иштеп жаткан “Макмал”, “Күмтөр” алтын кен өндүрүшүндө падаланылууда. Бул иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу ишканаларга алтынды жерден 70 пайызга чейин алып чыгууга  жол ачып, өлкөбүздүн улуттук экономикасын өнүктүрүүгө кошкон реалдуу салымыңыздар болуп калды”,– деди мамлекет башчы.

Өлкө жетекчиси акыркы 20 жылда  илимий иштердин кадыры төмөндөп кеткенин, мунун обьективдүү да, субьективдүү дагы көптөгөн себептери бар экенин айткан президент буларды айтты: “Бизде таланттуу окумуштууларыбыз, билимдүү жаштарыбыз арбын. Илим чөйрөсүндө жандануу башталгандыгына карабастан, илимде жогоруда биз айткан мисалдай реалдуу жетишкендиктер абдан аз болуп жатат”,– деди Атамбаев.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, “Илим жана техника жагында Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” деген наам Атабек Алибаевге, Камчыбек Кожогуловго, Ольга Никольскаяга, Кушбакалы Тажибаевге, Бурулкан Төлөбековага, Кеңешбек Үсөновго жана Салават Усмановго ыйгарылды.

Булак: super.kg