Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү “Эмгек сиңирген кол өнөрчү” наамын киргизүүнү суранышууда
Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнө алардын жетишкендиктерине карап “КРнын Эмгек сиңирген кол өнөрчүсү” сыяктуу наам берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда маалымат жыйынында Баткен облусу боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Анаркан Турдубаева билдирди. Айтымында кол өнөрчүлөрдү өлкөдө улуттук маданий иш-чараларда гана эстешет. Ал эми кол өнөрчүлөр Кыргызстанда өзүнүн арабасын өзү тартып келет.
“Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү Кытай жана Индия мамлекеттеринде өткөрүлгөн фестивалдарга, көргөзмөлөргө катышып келет. Аларда “Эмгек сиңирген кол өнөрчү” наамы берилет. Бизге дагы ушул наам киргизилиши керек. Анткени, кол өнөрчүлөр да өлкөнүн маданиятын дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүп келет. Ошондуктан өкмөт бизди (ред. – кол өнөрчүлөр кеңешин) КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каратып берүүсүн сурайбыз. Андан тышкары ата-бабадан калган мурасты, салтты, маданиятты өнүктүрүү жана жайылтуу максатында эмгектерибизди туристтерге, жергиликтүү тургундарга көрсөтүү үчүн кол өнөрчүлөр борборун ачып берүүсүн каалайбыз” дейт Анаркан Турдубаева.
Булак: super.kg


Leave a Reply