Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин парламенттик коалициясындагы фракция лидерлери Кытай Компартиясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ККП Борбордук Комитетинин Тышкы иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Чжоу Ли баштаган Кытай Компартиясынын делегациясын кабыл алды.

Жогорку Кеңештин фракцияларынын делегациясы Кытайдагы иш сапарынын маалында Компартиянын жетекчилиги астында курулуп жаткан партиялык түзүлүш жана жетишилген ийгиликтер менен таанышкан.

Фракция жетекчилери Кытай делегациясына кайратым иш сапары үчүн ыраазычылык билдирди. «Бул эки өлкө ортосундагы жылуу мамиленин белгиси, – деп белгиледи Ч.Турсунбеков. – Жогорку Кеңештин фракциялары КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин аймактагы өлкөлөрдүн өнүгүшүнө түрткү бере турган Жибек Жолу экономикалык алкагын түзүү тууралуу идеясын колдойт».

Кытай Компартиясынын делегация башчысы Чжоу Ли алардын кайтарым иш сапары Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын чакыруусу боюнча жасалганын, КЭР Кыргызстандын бардык аракеттерине колдоо көрсөтөөрүн, анын ички иштерине кийлигишпей турганын билдирди. «Теңдик менен ишеним – биздин багыт», – дейт ал. Ошону менен бирге, ал кытай өзгөчөлүгү менен курулуп жаткан социализм, КЭР Конституциясы менен мыйзамдарын сактоо аркылуу жүргүзүлүп жаткан реформалар жаатында кеп салды.

Жолугушуу соңунда тараптар мындан ары да эки өлкө ортосундагы партиялар аралык мамилелерди бекемдөө жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо пикирине келишти.

IMG_2025

IMG_2062

IMG_2056