Кыргызстандан Орусияга кеткен автобус бузулуп, анын 44 жүргүнчүсү 3 күн токойдо жашашканы айтылды
Кыргызстандан Москвага сапар тарткан Мерседес үлгүсүндөгү автобус жолдон бузулуп анын жүргүнчүлөрү 3 күн бою токойдо жашашкан. Автобуста жалпы санын 44 жүргүнчүсү болгон, алардын ичинен 3ө жаш балдар болгон. Алар Златоуст шаарына жакын жайгашкан токойдо жашашкан. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, орто жолдон жүргүнчүлөрдү алып бара жаткан автобустун кыймылдаткычы бузулуп калган. Аны айдоочу менен жүргүнчүлөр өздөрү оңдоого аракеттенишип, 3 күн бою токойдо жашаганга туура келген.
Аталган жолдон өткөн айдоочу окуя тууралуу куткаруучуларга айтып берген. Натыйжада аталган жерге куткаруучулар келип унаада үшүгөн жүргүнчүлөрдү Златоуст шаарындагы мектеп-интернатка жеткирип аларга ысык тамак уюштурушкан. Ал эми унаанын айдоочусу Челябинск шаарына барып керектүү унаа тетиктерин сатып алып, унаасын оңдогон соң алар кайрадан жолго чыгышкан.


Leave a Reply