Бүгүн, 13-ноябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, 2015-жылга карата республикалык бюджет жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу жөнүндө мыйзам долбоор каралып жаткан Жогорку Кеңештин отурумунда, «Биз каражаттар боюнча жашайбыз», – деп билдирди.Анын айтымында, өкмөт ИДП өсүшүн 6,2% болжолдоп жатат. Бул КРнын өнөктөш-мамлекеттериндеги экономикалык жана энергетикалык каатчылыктын шартында аткарууга кыйын болгон амбициялуу тапшырма болуп саналат.

«Россия ИДП өсүшүн 0%, Беларусия — 1%, биз бул норманы аткаруу үчүн— 6,2% коюп жатабыз. Курс өсүп жатат. Биз дагы карап чыгышыбыз керек. Бирок биз өзүбүздүн милдеттерди өткөн жылдагыдай эле бул жылы дагы Конституция боюнча, мыйзамдын негизги нормалары боюнча аткарабыз. Эгер экономиканы көтөрө алсак анда биздин милдеттерди жаба алабыз»,- деди ал.

Өкмөт башчы КР ИДПга карата социалдык чыгымдары — дүйнөдө эң бийик көрсөткүч экендигин жана бул үчүн донорлор сынга алып жаткандыгын айтты. «Сиздер капиталдык киргизүүлөрдүн жетишсиздиги үчүн сындап жатасыздар. Бул биз каалабагандыктан эмес, а социалдык милдеттерди аткарышыбыз керектигинен улам болуп жатат»,- деди ал.

Дайыма баардык тармактардан каржылоону көтөрүү жөнүндө талаптар келет жана депутаттар инфляция жүрүп, сомдун курсу түшүп жатат деп айтышат.

«Биз күн сайын экономиканын өсүшүнүн эсебинен толуктоого аракет кылган кирешелер бар. Бирок алардан жогору кете албайбыз. Бизде дефицит. Ансыз да дефицит үчүн сындап жатасыздар»,- деди Оторбаев.