чек ара

Өзбек чек арачылары ок чыгарган Кызыл-Кыя–Кадамжай транзиттик жолундагы окуяда жашынып калууга жетишкен экинчи катышуучу көрсөтмө берип баштады, – РИИБ

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя–Кадамжай транзиттик унаа жолунда 10-ноябрда болгон окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат, деп маалымдайт Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Мурдараак маалымдалгандай, Кызыл-Кыя–Кадамжай транзиттик унаа жолунда өзбекстандык чек арачылар тарабынан жарадар болгон Кыргызстандын жараны Өзбекстандын Фергана районунун Вуадиль калктуу пунктундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Анын бутуна операция жасалды.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, анын абалы оор боюнча калууда.

Кадамжай РИИБдин билдирүүсү боюнча, аталган жаңжалдын экинчи катышуучусу, өзбекстандык чек арачылар тарабынан ок атылган жаңжал учурунда жашынып калууга жетишкен Марказ айылынын тургуну окуя боюнча көрсөтмө берип баштады.