Ат-Башыда моюну кесилген тургунга операция жасалып, өмүрү сакталып калды
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 25 жаштагы моюну кесилген жаранга операция жасалды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын жетекчиси Илим Бейшеналиев аймактык кабарчыга маалымдады.
Анын берген маалыматына таянсак, 31-октябрь күнү Ат-Башы аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө аталган райондун 25 жаштагы тургуну моюну кесилген бойдон ооруканага келип түшкөн.
«Кырсыктан улам 25 жаштагы моюну кесилген жаранга 3,5 сааттык операция жасалды. Моюнундагы майда кан тамырлар жана кокосу белгисиз кырсыктан улам 20-25 см кесилип калган. Негиздүү күрө тамырларга доо кеткен эмес. Мындай оор операциялар республикада атайын ооруканаларда жасалып келет. Бирок адам өмүрүн сактап калуу үчүн айла жок райондо жасалды», – дейт И. Бейшеналиев.
Ал кошумчалагандай, операцияга Нарын облусундагы хирург Жоомарт Абдыкасымов жана Толкун Атбаева менен Ат-Башы райондук оорукананын дарыгерлери катышкан, азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы, деди ал.





Булак: Turmush

Leave a Reply