Баатыр даңкы унутулбайт, ууз муундарга калган мурас
Кечээ 8-ноябрда Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагында Шабдан баатырдын 175 жылдык юбилейи зор салтанат менен өткөрүлдү. Кыраан баатыр мындан туура 175 жыл мурда 29-октябрда төрөлгөн. Баатыр доорунда орус падышачылыгынын үстємдүгү өкүм сүрүп, кыргыз элинин бейиштей керемет жерлерине келгин орус-казактарды көчүрүп, отурукташтырып кыргыз жер-сууларын тартып алуу өкүм-зордук орун алып, ал эми айрыкча кедей-кембагалдар тоо арасына, дыйканчылык кылууга мүмкүн болбогон таштак, суусуз жерлерге сүрүлгөн. Бейиштей жер Ала-Тоо үчүн кайран кыргыз эли нечен жоо менен согушуп, кашыктай кандары калганча кармашып, тууган жерин суук көздөрдөн сактап келгени не деген эрдик. Улуу Манас эпосу баш болгон жүздөгөн кенже эпосторубузда, ырдаган ыр, дастандарыбызда, таңшыган улуттук музыкалык аспаптарыбыз комуз, кылкыяк, чоор баш болгон аспаптарыбызда эл эркиндиги даңазаланып калганы бекеринен эмес.
Шабдан баатыр өз доорунда күчтүү куралданган кас-душман менен күрөшүүгө болбостугун таасын билип, орус жетекчилери менен тил табышкан. Ток этери кыргыз элин кыргындан сактап, алдын алган. Баатырдын теңдешсиз эрдигин бир сөз менен сүрөттөп чыгуу мүмкүн эмес. Баатырдын даңазасы эмнеликтен күн өткөн сайын көркүнө чыгып баратат. Анткени, баатырдын баатырдыгы бир тең болсо, жөнөкөй эл үчүн кылган мээнет, эмгектери бир тең. Баатыр тууралуу тартылуучу тарыхый тасма айтылбай, жазылбай калган баатыр даңкын чыгарат деп ишенебиз. Эл баатыры эл менен!
8-ноябрда Чоң-Кемин айыл аймагынын ат майданында баатырга арналган салтанат ачылды. Ак өргөлөр көтөрүлүп, айлананы шаңга бөлөп турду. Ак кар себелеп, күн ырайы суук тартканына карабастан келген мейман, эл-журттун маанайы жарык. Эки кылымга чукул, мурдагы Баатыр Шабдан айылы көз алдыга тартылып, айкөлдүн меймандостугу, марттыгы эске түштү. Анткени, эч качан баатырдын эшик алдынан калың элдин карааны үзүлбөгөн. Эл тиги, же бул маселе менен келишип, черлери жазылып, үмүттөрү акталып кеткен. Баатыр кембагал, камкордукка муктаж элди эгерим кемсинткен эмес. Бул жолу карт тарых кайталангансып, кадимки баатырдын камкордугуна бөлөнгөн элдин кечээги тарыхы элестеп турду.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев: “ Шабдан Баатыр – элдин сый-урматына эгедер болгон өз мезгилинин алдыңкы инсаны болуп саналат” деп ташка тамга баскандай айтып, мамлекетти бекемдөөдөгү баатырдын эрдигин даңазалап өттү. Өкмөт башчы Шабдан Жантай уулунун кыргыз-орус мамилелерин түптөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле кыргыз-түрк кызматташуусун курууга кошкон салымы тууралуу терең айтты. Баатыр баатырдыгы менен катар билим берүү тутумун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган. Кыргыз элинин кыргыз тилинде билим алуусуна кенен жол салуу зарылдыгын баса белгилеген. Эң башкысы элинин жерге болгон укугун бекемдөөгө жигердүү аракеттерди жасап, мыйзам чыгаруу органдарынын катарында жергиликтүү эл өкүлдөрү болушу үчүн күрөшкөн. Башка эл менен тең ата болуу ар-намысын көкөлөткөн.
“Шабдан баатырдын жашоо тарыхы, анын аскер башчы жана мамлекеттик ишмер катары басып өткөн жолу адамдык жеке сапаттары жана акылмандыгы, мекенге карата болгон ыйык патриоттук сезимдери Кыргызстан тарыхынын барактарында келечек муундар үчүн үлгү болчу мурас катары жазылып калат” деди өкмөт башчы. Айтылгандарда калет жок.
Албетте, ууз муундар бул айтылгандарды эч качан эстеринен чыгарбашы керек. Кыйын мезгилде элим, жерим деп баскынчылардан сактаган Шабдандай баатыр ата-бабаларыбыз болбогондо ким билет, кумга сиңген суудай кыргыз элинин изи тургай карааны көздөн учуп калмак. Демек, келечек муундар мамлекеттүүлүгүбүздүн түндүгүн көтөргөн баатырларга чын жүрөктөн карыздарбыз. Баатырлар түптөгөн мамлекетибиз бизге түбөлүк калган, солк этпес мурас! Мекенибиздин туусун ар дайым бийик көтөрүүгө милдеттүүбүз. Эл-жер үчүн эрдик кылуудан өткөн биз үчүн сыймык болбос. Баатырлардан өткөн патриоттук мурасты түбөлүк сактап жүрөлү!
Шабдан баатыр жөнүндө мамлекеттик жана саясий ишмерлер, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жетекчилер, кадырман эл ак шилекейлерин чачыратып туура, калыс бааларын беришти. Кайсы гана Ак өргөгө башпакпайлы баатыр даңазасы ооздон түшпөй дем берип жатты. Салтанаттын көркүн искусство жана маданияттын чамгарагын көтөргөн таланттар ачты. Көчмөндөр оюну кумардан чыгарды. Эң башкысы мамлекетти чыңдоо, Мекенди сүйүү сезимдерибиз ойгонуп, Баатырлар курган эркиндик, эгемендүүлүк ар бирибиздин жан дүйнөбүздүн төрүнөн орун алды.
Айчүрөк Макешова


Leave a Reply