Алтыбаева А. Т.

БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясы тарабынан уюштурулган «Аймактык обзор «Пекин плюс 20» эл аралык конференцияга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева жана КР Социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Кыргызстандын делегациясы катары катышты деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Үстүбүздөгү жылдын 5-7 ноябрында Женева шаарында өткөн жогорудагыдай иш-чарага дүйнө жүзүндөгү бир катар өлкөлөрдүн парламенттеринин, өкмөттөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана жарандык секторлордун өкүлдөрү болуп 450дөн ашуун делегат катышышты.

Конференцияда негизги маселелер болуп аялдардын билим алуусу жана кесипке даярдыгы, экономикалык абалы, аларга болгон зордук зомбулук жана аялдардын абалын жакшыртуунун институционалдык механизмдери каралды.

Депутат А.Алтыбаева «Аялдарга болгон зордук-зомбулук» маселеси боюнча жасаган баяндамасында конференциянын катышуучуларына аялдарга жасалган зобулукка каршы күрөштө Кыргызстандын парламентинин демилгелери тууралуу жана ошондой эле коомдо аялдардын абалын жакшыртуу боюнча мындан аркы иш-аракеттери жөнүндө маалымат берди. Кыргыз парламентчисинин мындай баяндамасы аудиториянын кызуу талкуусун жаратып, башка өлкөлөрдүн жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн берген суроо-соболдору анын күбөсү болду.

Эл аралык конференциянын алкагында депутат А.Алтыбаева Эл аралык эмгек уюму менен СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун өкүлдөрү менен жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: 1995-жылы Пекинде өткөн Аялдардын абалы боюнча 4-бүткүл дүйнөлүк конференциянын жүрүшүндө Пекин декларациясы жана Аракеттер платформасы кабыл алынган. Анда аялдардын абалын жакшыртуу, алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдыруу максаты коюлган.

Андан кийинки кадам мамлекеттер тарабынан кабыл алынган милдеттемелердин аткарылышындагы прогресс боюнча ырааттуу обзорлорду жана анализдерди жүргүзүү болуп калды. Мындай прогресстердин алкагында 2014-жылы БУУнун беш аймактык комиссиясы региондордогу кырдаалдарга анализ жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыктары Глобалдуу обзорго камтылган.