Саякбай

2014-жылдын 6-ноябрында, Улуттук илимдер академиясында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата “Саякбай Каралаев XX кылымдын алп манасчысы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Бул иш-чарада Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас”, “Семетей” (2 том), “Сейтек” эпосторунун бет ачар аземи өткөрүлүп, салтанаттуу иш-чарага КР УИАнын президенти, академик А.Эркебаев, вице-президент, академик А.Акматалиев, вице-президент, академик А.Борубаев, КР Президенттик аппараттын өкүлү Н.Кадырбеков, КР билим берүү жана илим министри К.Садыков, ф.и.к., “Саякбай манасчы” коомдук фондунун директору Т.Бакчиев, СССРдин эл артисти Б.Шамшиев, “Манас” эпосун изилдеген илимпоздор, коомдук ишмерлер, манасчылар катышышты.

Илимий-практикалык конференцияда актуалдуу маселелерди камтыган илимий баяндамалар жасалып, орчундуу сунуштар айтылды. Конференциянын катышуучулары, азыркы ааламдашуу доорунда “Манас” эпосунун, манасчылык өнөрдү сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо максатында ар тараптан терең илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнү белгилешип, ошондой эле Саякбай Каралаевдин 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий конференциянын резолюциясына кирген бир катар пикирлерди, сунуштарды эске алып, аталган илимий жыйын резолюциясын кабыл алышты.

Резолюцияда “Манас” эпосун изилдөө үчүн фольклордук, этнологиялык, археологиялык, тарыхый жазма булактарды чогултуу максатында илимий экспедицияларды уюштурууну мамлекеттик программага киргизүүнү КР Өкмөтүнөн өтүнүү, манасчылардын чыгармачылыгын изилдөө, “Манас” эпосун, манасчылыкы изилдеген чет өлкөлүк илимпоздор менен өз ара байланыштарды кеңейтүү максатында илимий долбоорлорду ишке ашыруу, Саякбай Каралаевдин энциклопедиясын иштеп чыгуу, “Манас” эпосун чет тилдерге которуп, жайылтуу, Саякбай Каралаевдин музейин уюштурууну, манасчы жөнүндө көркөм жана даректүү тасманы тартуу боюнча КР Өкмөтүнө кайрылуу, “Манас” эпосунун түп нускалары жана улуттун руханий дүйнөсүнүн кору сакталып турган КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна караштуу Кол жазмалар фондунун сакталыш абалын жакшыртуу, коргоого алуу максатында заманбап техникалык каражаттар менен камсыз кылууну КР Президентинен, К Жогорку Өкмөтүнөн өтүнүч менен кайрылуу маселелери камтылган.

Ошондой эле иш-чарада телекөпүрө аркылуу КР УИАнын ардактуу доктору Роберт Янц КР УИАнын келе жаткан 60 жылдык майрамы менен куттуктап, манасчылык өнөрү жөнүндө өзүнүн жылуу пикири менен бөлүштү.

Салтанаттуу иш-чарада “Саякбай манасчы” коомдук фонду “Манас” эпосун даңазалаган жана манасчылыкты изилдеген окумуштууларга, коомдук ишмерлерге

“УЛУУ САЯКБАЙ – 120 жыл” кол саатын расмий тапшырып, иштерине ийгилик каалады. “Саякбай манасчы” (автору Аида Эгембердиева жана обонунун автору Д.Урмамбетов) ыры жана “Манас” эпосунан үзүндү (манасчылар: Р.Исаков, К.Маңмадалиев, Д.Сыдыков) аткарылды деп билдирет КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү.