Тартип бузгандарга чара көрүлбөсө, кайдагы кылмыш менен күрөш,-нарындык ИИО ардагерлери
Нарында өткөрүлгөн укук бузуулардын алдын алууга арналган форумда жергиликтүү бир катар ички иштер органдарынын ардагерлери сын-сунуштарын келтиришти.
-Бул жыйын илгерки партиялык чогулуштай болуп, отчет берүү менен чектелүүдө. А эмне үчүн жасалган кылмыштар боюнча айтылбайт. Мисалы эки жыл мурун облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) имаратын талкалап, короосуна кирген кылмыш болгон. Экинчиси, Нарын шаарындагы РТСтеги бала бакчанын имараты боюнча да жыйынтык жок. Эмне үчүн милицияда карыгандардын ордулары алмаштырылбай, ротация жасалбайт,-деген кинесин милициянын ардагери Сагындык Сабитов белгилесе, милициянын дагы бир ардагери Айдарбек Сокеев облустун прокурорун сынга алды.
-Биз ИИБдин имаратын талкалап киргендик боюнча сизге облус прокуроруна киргенбиз. Сиз коркуп жатасыз. Бул кылмыш жабылган бойдон турат. Муну мурунку министр Суранчиев жапкан. Жусубалиев деген жапкан. Анан кылмыштуулук менен күрөшөбүз дейбиз. Кантип күрөшөбүз, ИИБди талкалатып, милициянын кадыр-баркын кетирип, коомдук резонанс болуп жатса. Жанакы «5 катынга» айыбы угузулбайт. Бүт атмосфера жаман. Сиз декабрда келгенде кабыл албай койдуңуз министр,-деди А.Сокеев мырза.
-Эми бакылдап баарыбыз эле сүйлөй алабыз. Мен келгенде баарысын кабыл алгам. Сиздер жөнүндө мага айтышкан эмес. Жасаган жумуш баарына жакпайт. Ар бир кишиге жаккандай иш кылсак, анда баш аламандык болот. Ал эми жасалып жаткан жумуштар боюнча отчет берип койбосо да болбойт. ИИБ боюнча туура маселе көтөрүп жатасыздар. Анан ал жерде кандай кылмыш козголуп, кандай болгонун чынында мен билбейт экенмин. Бирок мыйзам чегинде чара колдонуш керек. Бул боюнча сиздерден биринчи жолу угуп жатам. Эми бул ишти өзүм көзөмөлгө алып, жаңы прокурорго да айтамын. Жообун беремин,-деп жооп кайтарды министр М.Турганбаев.
Ал эми Нарын облусунун прокурору Жаныбек Салиев: -Бул ишти мага чейин былжытышкан экен. Учурда иш башкы прокуратурада изилденүүдө,-деген жообун берди.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply