Өткөн жумада КРнын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Кылычбек Султанов АКИpress агенттигине маек берди.

– Эмнеге сиздин талапкерлегиңиз Малайзиядагы элчиликке сунушталды?

– Мен бул кызматка менин гана талапкерлигим сунушталды жана каралды деп ойлобойм. Дээрлик 3 жыл бою бул кызмат бош турду. Өзүңүздөр билгендей элчинин талапкерлиги көп тараптуу макулдашуулардан өтүп бекитилет: өкмөт башчынын, тышкы иштер министринин, ЖКнын Эл аралык комитетинин, президенттин, жана элчи бара жаткан өлкөнүн макулдугу керек. Мамлекеттик коопсуздуктун тиешелүү органдарынын атайын текшерүүлөрү тууралуу айтпай эле койсо болот.

– Сиздин талапкерлигиңиз башка өлкөлөргө да каралганбы?

– Бул жөнүндө мага белгисиз.

– Элчилик кызматтагы сиздин биринчи кадамдарыңыз кандай болот?

– Мен биринчи кезекте Малайзияда биздин мамлекетти кенен тааныштыруунун үстүндө иштейм. Биз өзүбүздүн мамлекетибизди сүйгөнүбүзгө жана сыймыктанганыбызга карабай алыскы мамлекеттерде биздин өлкө жана биздин экономиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө дээрлик эч нерсе билбей тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Бул үчүн мен эки өлкөнүн ЖМК өкүлдөрүнүн өз ара таанып билүүчүлүк сапарларын уюштурууну каалайм. Мен Малайзиянын журналистери үчүн дагы, биздин журналистер үчүн дагы биздин өлкөлөр тууралуу айттуу пайдалуу жана кызык болоруна ишенем.

Өзбекстан менен Казакстандан айрымаланып биздин өлкөлөрдө түз авиамаалыматтар жок. Бул маселенин чечилиши биздин мамлекеттердин ортосундагы маданий, экономикалык мамилерин тереңдетүүгө жана достук мамилелерин бекемдөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк бермек.

– Социалдык өнүктүрүү министри кызматынан кеткенден кийин (2013-жылы) сизге дагы кандай кызматтар сунушталды?

– Өкмөттүн ошол отурумунда вице-премьер Талиева (Камила Талиева), социалдык блоктун министрлеринин дарегине катуу сын айтты. Мен өзүм үчүн анын сын пикирин конструктивдүү эмес деп чечтим жана калган министрлер дагы өзүлөрүнүн макул эместиктерин билдирип кызматтан кетет деп күткөм. Мындай учурда анын өзү кетиши керек болорун күткөм. Бирок ушундай болуп калды, мен гана мындай кадамга барыптырмын. Ал эми социалдык блок дээрлик бир жыл бою Талиеванын көзөмөлүндө болду.

Мен кызматтан кеткенде мага маданият жана ЖМК боюнча жетекчилик кызматтарды сунушташкан. Бирок мен ишенимимди жоготкон ал кезедги өкмөт менен иштешүү мүмкүн эмес болчу, макул болгон жокмун.

– Акыркы кезде ушундай адат болуп калды, министрлердин отставкасынан кийин аларга мыйзам бузуу боюнча кылмыш иши козголот. Сизге карата мындай мамиле болгон жокпу?

– Аз убакыт мурда бир депутат, спортко жана спортчуларга багытталган бюджеттик акчаларды уурдагандарды «келемиштер» деп атады. Өзүңүздөр билгендей, мен биздин калктын социалдык алсыз катмарын коргоо менен алектенген түзүмдү жетектегем. Алардан абийири жок же ачкадан өлүп бара жаткан адам гана уурдайт. Мен өзүмдү булардын катарына кошпойм.