жоошбаев

Бул тууралуу депутат Заирбек Жоошбеков бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер саатында” билдирди.

“Азыр электроэнергиянын тарифи жөнүндө көп сөз болуп жатат. Эми мындан саясат жасоонун кереги жок” деген депутат З.Жоошбеков бир катар мисалдарга токтолуп, сандык талдоого алды деп билдирет  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Анын маалыматына ылайык, «Ошэлектрого» караштуу 384 миң абонент бар. «Ошону ай сайын эсептеп келгенде айлык орочо колдонуусу 524 квт болгон. Бул деген эски эле тариф менен негизинен 70 тыйынан гана төлөнөт деген сөз. Болжол менен 20 пайыздын тегерегинде гана 700 квттан ашык пайдаланып жатат экен. Булар үйдө жылытууга пайдалангандар жана негизинен Ош шаарында газдын жоктугуна байланыштуу көбүрөөк электроэнегиясы пайдалангандыктан. Мына ошондуктан Ош шаарында гана пайдалануу көп болуп жатат. Ал эми айыл жеринде кыштын күнү жалпы алганда 524 гана кВт.”, – деди З.Жоошбеков. Депутат Ош облусундагы Кара-Суу районун да мисалга алды.

“Райондо 48 миң 791 абонент бар экен. Бир айга орточо 445 квттан туура келет экен. Бул 70 тыйындан төлөнөт деген сөз. Ошол эле мезгилде элдин төлөмү дагы жакшы. Мурдагы айга караганда ноябрь айында 24 миллион сом ашыкча топтолуптур. Эң негизгиси, күнүгө чектөөлөр, өчүрүүлөр болот деп коркуп турган элдин кубанганы – жарыктын өчпөй калгандыгы. Азыр төлөмдү убагында төлөп, электроэнергиясы өчпөсүн деген керектөөчүлөр аябай көп. Эми электр энергиясын жылытууга иштеткендер төлөш керек. А негизги калктын колдонгону 700 Кваттка жетпейт», – деди депутат З.Жоошбеков.

Анын пикиринде бул жерде коооптуу жагдай контролердун маселеси. Алардын ай сайын ар бир абонентти кыдырышка мүмкүнчүлүгү жок. «Кээ бир учурларда алардын махинациясынан көбүрөөк жазылып калышы мүмкүн, ушуну контролго алыш керек. 2 айда бир барып, 1 айда 700дөн ашык Кваттэлектр энергиясы колдонулуптур деп коюшу мүмкүн. Муну абоненттер түшүнбөй калат. Ошол үчүн ар бир айдын учетун өзүнчө алып, айдан-айга чейин эсепти туура жүргүзүш керек, мына ушул маселени катуу көзөмөлгө алуу зарыл”,- дейт эл өкүлү.

З.Жоошбеков электр энергиясынын тарифтери боюнча ар кандай сөздөр козголгону менен, эмне үчүн электр энергиясы жаатында көз карандысыздыкка жетишкенибизди айтпайбыз деп маселе коюп, ушунча жылдан бери коңшу өлкөлөргө көз каранды болуп, аларга кошумча акча төлөп келе жатканыбызды эскертип, “Эми мына көз карандысыздыкка өзүбүз жетип жатабыз, жакшы жактарды дагы айтышыбыз керек”,- деп баса белгиледи.