Депутат М.Бакиров: “Улуу Памир, кичи Памирдеги боордоштор боюнча конкреттүү маселелерди чече турган мезгил жетти”
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей, 27-ноябрда Улуу Памир, кичи Памирдеги боордошторго экспедициянын бирин жетектеп барып келген Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров бүгүн, 3-декабрда “Парламент” радиосунда маек куруп берди.
Эл өкүлү М.Бакиров бул экспедицияда боордоштордун көргөн күнүнө күбө болуп, күн кечирип, күнүмдүк турмуш-тиричилиги менен терең таанышып, баарлашууга мүмкүнчүлүк болгондугун айтып берди. Андагы жер шартынын катаалдыгы, дарыгер менен мугалимге эки көзү төрт болуп зарыгып жатканы боюнча кең-кесири маалымат берди. “Бул экспедициянын өзгөчөлүгү анын курамында гинеколог, кардиолог адистери барып, тургундардын саламаттыгына көз салганы болду”,- дейт депутат.
Айтымында, мүмкүн болсо азык-түлүк жаатындагы жардамдардын ордуна курулуш материалдарынан көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Себеби, кокту-колоттордогу бирден-экиден үйлөрдү бириктирип айыл, медициналык пункт сындуу обьекттерди куруу ниеттери бар. Ошол эле маалда Кыргызстанга келүүнү самагандардын саны да арбын. Азыркы тапта алардын бирден бир өтүнүчү балдарын Кыргызстанга алып келип, окутуу болууда. Кыргызстан мугалим, медицина кызматкерлерин жиберсе, Ооган мамлекетинен 400 АКШ долларын төлөтүп берүүгө кепилдиктер дагы бар. Бүгүнкү күндө Памирлик кыргыздардын 50% паспорт менен камсыз болгон. Ал жактагы жалпы кыргыздардын саны болжол менен 3 – 3,5 миңдей.“Андыктан, Улуу Памир, кичи Памирдеги боордоштор боюнча конкреттүү маселелерди чече турган мезгил жетти”-, дейт депутат М.Бакиров.
Мындан сырткары, боордошторубуздун кол өнөрчүлүккө маани берип, ат жабдыктарын да жасаарын, азык-түлүк, буюм-тайымдардан соода-сатык жүргүзүү мал жандыктары менен айырбашталаары сындуу көрүнүштөр бар экенин кошумчалады.


Leave a Reply