Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев менен Түркиянын элчисинин дин маселелери боюнча кеңешчиси Орхан Генчтин кечээ, 28-октябрда болгон жолугушуусунда бул тууралуу айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мечиттин курулушундагы маселелерди кеңири талкуулашты, деп маалымдайт Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы. М.Токтомушев мечиттин курулушунда Бишкек шаарынын башкы планы менен макулдаша турган учурлар бар экендигин белгиледи.

Анда Түркия тараптын каржылоосундагы мечит түрк элинен кыргыз элине белек болот, деп белгиленди. Ошондой эле, М.Токтомушев көрсөтүлгөн колдоолор үчүн Түркия тарапка ыраазычылык билдирди.

8