Бельгиянын Антверпен шаарында кыргызстандыктар үчүн музыкалык кече өткөрүлдү. КРнын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 5-ноябрда билдиришкендей, иш-чараны Бельгиядагы Кыргызстандын элчилиги жана кыргыз диаспорасы уюштурушту. 

Кечеде “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли өнөрүн тартуулады. Алыстагы кыргызстандыктар аталган ансамблдин чыгармачыл жамаатын жылуу кабыл алышып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

Ошондой эле элчиликке чет жердеги мекендештерди бириктирүү жана балдарды нукура маданиятка аралаштыруу үчүн маданий жана музыкалык кечелерди байма-бай уюштуруп турууну сунушташты.

Булак: super.kg