Баткендеги себет жасаган айым
Баткен районундагы Сай айылынын тургуну Айнагүл Намазова үй-бүлөсү менен күнүнө 20га жакын себет токуйт. Өмүрлүк жары Намазов Жоварали токой кызматчысы. Бул инсан дагы эл үчүн өмүрүн арнагандардан. Ал азыр Сай айылына эл кыйналбасын деп өз каражаты менен көпүрө куруп жатат. Биздин каарманыбыз Айнагүл Намазованын айтуусунда Жоварали Намазов соопчулук иши үчүн бирөөгө милдет да кылбайт. Ал турсун Гороту жайлоолоруна өз колу менен курган алты көпүрөнү курдум деп эч кимге жар салган да эмес. Биз бүгүн анын өмүрлүк жары Айнагүл Намазова жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Айнагүл эже талдын жана тыттын ийилчээк шактарын кыркып, саркечтеп жасаган буюмдарын Баткендин базарына алып келет.
Элеттик айым Айнагүл Намазованын айтуусунда, токуган себеттердин ар бирин көлөмүнө карап 100 сомдон 200 сомго чейинки баада сатат.
Элдин мындай себеттерге суроо-талаптары көп болгондуктан Айнагүл Намазова үй-бүлөсү менен ушундай чарбачылык кылууга өткөндүгүн кошумчалады.
Жеке үй-бүлөлүк бюджетин чыңдаган айым төрт перзенттин апасы, төрт неберенин чоң энеси. Балдарынын келечеги үчүн да кам көрүп, аларга да турмушта кыйналбастан жашап кетүүлөрү үчүн толук шарттарды түзүп берген. Кээде илхам келгенде ыр жаза коймою да бар. Эже бактылуу күндөр менен оор күндөрдү да башынан өткөргөнүн айтып олтурду. Жалпы журттун шарына кошулуп, Орусия мамлекетине жумушка кеткен 20 жаштагы уулунун оо дүйнөгө өтүп кетиши Айнагүл эженин жүрөгүнө оор батты. Буга чейин ыр жазып, чыгармачылыкка жакын эженин капилеттен өткөн уулуна арнаган ырын да жарыяладык. 20 жаштагы эр жеткен азаматын жоготуу кандай оор.
Балама
Эрмегим элең эркелеп балам,
Колумдан кеттиң эртелеп балам.
Апакең калды артыңда ыйлап,
Кусадар болуп жетпестен балам.
Эмнеге шаштың эртелеп балам,
Теңтушуң көрсөм ыйлаймын балам.
Кайгыга салып кайгырттың мени,
Кайрылбай кеттиң аттиң ай балам.
Куранды окуп күндө бир ыйлайм,
Сезбейсиң аны негедир балам.
Жүрөгүм калды жарадар болуп,
Түшүмө кирчи дагы бир жолу.
Бейишке карап шаштыңбы балам,
Шайтанга берип акылың балам.
Эзилип энең артыңда калды,
Ыйлатып кайда качтыңбы балам.
Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу




Leave a Reply