талас

 Бакыян айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын  «Бакыян жана Тамчы–Булак айылдарын  Кыргыз Республикасынын  Талас  областынын  Кара–Буура районунун  Бейшеке айылдык кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Талас областынын Кара–Буура районунун  Бакыян  айылдык кеңешин түзүү жөнүндө» 2001–жылдын 2–сентябрындагы № 82 мыйзамынын негизинде  уюштурулган. 2001–жылдын 15-октябрынан баштап Бакыян айыл өкмөтү аткаруучу орган  катары толук кандуу ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатат. Айыл өкмөтүн  2012–жылдын август айынан бери   Ашыркул уулу Нурмуханмед жетектөөөдө.

Калкынын  саны 3363 адамды түзөт. Айылдык аймак боюнча 590 түтүн, 724 үй–бүлө бар. Айыл аймагы Бакыян жана Тамчы–Булак айылдарынан турат.

Бейшекеден бөлүнгөндө  айылдык аймакта орто мектептен башка бир да социалдык обьект болбосо, 13 жылдын  аралыгында 58 млн. сомдон ашык инвестициялар жана өздүк каражаттар тартылып, ФАП, айыл өкмөттүн  кеңсеси  курулду. Тамчы–Булак айындагы башталгыч мектеп,  ФАПтын имараты капиталдык  оңдоолордон өткөрүлдү.  Көп жылдан бери  кол тийбей келген Чоң Арык  каналы тазаланды. Ички жолдорго шагыл төшөлүп, грейдерленди. Көчөлөрдүн орчундуу жерлерине жарыктандыргычтар  орнотулду.

2013–жылы  5,6 миллион сомдук ички жана кышкы инвестициялар тартылды:  170 миң сомдук “Агроветаптека”,  1 млн 100 сомдук машыгуу залы ачылды. Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектептин жылытуу системасы 2 млн. 955 миң 755 сомго жасалып ишке берилди.  Япон грантынын эсебинен   809 миң сомго спорт зал оңдолду.  Мектептин бет алдындагы аянт  70 миң сомго цементтелди.  Эчкили-Тоо  кыркасына 120 миң сомдук каптаж жайыт комитети аркылуу курулду.  Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин тегереги ашар жолу менен курчалды. Койчубай уулу Жаныбек атындагы ат майданы айыл жаштарынын жана туугандардын демөөрчүлүгү менен ачылды.

2014-жылы   инвестицияларды тартуу боюнча айтарлык иштер аткарылды: апрель айында орто мектепке санитария жана гигиена долбоору боюнча “Экасан”  туалети курулду. Долбоор “ Тынчтык корпусу” аркылуу аткарылды. Ошондой эле мектептин ашканасы капиталдык оңдоолордон өткөрүлдү. ПРООНдун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк  программасы аркылуу эми мектептин ашканасы заманбап аппараттар менен жабдылып,  окуучуларга ысык  тамак берүү жакшырат.

Дыйканчылык тармагына токтолсок: үстүбүздөгү жылы 170 га күздүк буудай,  1148 га төө буурчак, ошондой эле жүгөрү, сафлор, күн карама, кызылча, картошка, жашылча көп жылдык  чөп өстүрүлдү.   “Биримдик”  жана “Кара–Сай алыш” –СПАлары  натыйжалуу иштөөдө.  Сугат суусунун тартыш болгонуна карабай,  дыйкандар талааларда тер төгө иштешип, буюрушунча түшүмдөрүн жыйнап алышты.

Мал чарбасын өнүктүрүүгө  өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Ушул тапта элдин колунда 785 баш бодо  мал, 8793 баш кой–эчки, 270 баш жылкы 5900 баш үй–канаттуулары багылууда. Малкел жугуштуу ооруларга каршы маалы менен  эмделип турат.

Көйгөйлөр  да жок эмес.  Айылдык аймак  “Таза суу” долбооруна кире элек.  Айылдык өкмөттүн жетекчилигинин  он жылдан берки аракеттеринен   азырынча тыянак чыккан жок.  Айылдык аймактын  “Таза суу “ долбооруна киргизилишин  ЖК депутаты Дастан Жумабеков көзөмөлүнө алган.  Маселе республиканын  “Таза суу” департаментинде каралууда.

Жаңы конуштардын инфраструктураларын оңдоо, көпүрөлөрдү салуу, айыл ичиндеги арыктарды,  кашааларды тартипке келтирүү милдеттери турат.  Бул багытта  айылдык кеңештин астындагы “ Агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы иш алып барууда.

Айылдык аймакты социалдык–экономикалык өнүктүрүү,  инфаструкрасын жакшыртуу боюнча 2013–2017–жылдарга чейин өнүгүү программасы  иштелип чыккан.  Ал боюнча, эң алгач 100 орундук бала бакча, андан кийин “МТФ”, “Ынтымак” жаңы конуштары үчүн башталгыч мектеп курулмакчы.

Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас