011

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов КМШ өлкөлөрүнүн маданият министрлигинин башчыларынын жыйынына катышты. Аталган министрликтен бүгүн, 29-октябрда билдиришкендей, 27-28-октябрда Сочиде Евразиялык экономикалык коомунун интеграциялык комитетинин алдындагы маданият кеңешмесинин 9-отуруму жана КМШ өлкөлөрүнүн маданият кеңешмесинин 29-отуруму өткөрүлдү.

Жыйында 2015-жылга чейин КМШ өлкөлөрүнүн маданият жаатында кызматташтыгын ишке ашыруу, “Маданият борборлору” мамлекеттик программалар, Евразиялык экономикалык коомунун маданият жаатында иштешүү боюнча суроолор каралды.

Фото: КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы

Булак: super.kg