кар

2014-жылдын 3-5-декабрында Кыргызстанда мезгил-мезгили менен  кар жаап, айрым жерлерде катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. 4-6-декабрда абанын температарасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12° суук, күндүз 1…6° суук, түштүк райондордо түнкүсүн 0…5°суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°суук, күндүз 2…7° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн 17…22°суук, күндүз 8…13° суук, бийик  тоолуу райондордо түнкүсүн 22…27° суук, күндүз  10…15° суук болушу күтүлөт.

Мындай аба-ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоо, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Ошондой эле Ош облусунун  Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 25-28-ноябрында катуу жааган кардын кесепетинен 70-90 сантиметр кар түшүп, төмөндөгү айылдарга баруучу ички чарбалык  жол каттамдары жабылган:

Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылына баруучу 14 чакырым ички чарбалык  жол;

Чалма айыл аймагына караштуу Буйга айылына баруучу 10 чакырым ички чарбалык  жол;

Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көңдүк айылына баруучу 12 чакырым ички чарбалык жол;

Сары-Булак айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак айылына баруучу 3 чакырым, Терек-Саз айылына баруучу 5 чакырым, Конокбай-Талаа айылына баруучу 12 чакырым ички чарбалык  жолдор жабылган;

Аталган айылдардагы ички чарбалык жолдорду кардан тазалоого 2014-жылдын 29-ноябры күнү КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 даана бульдозер тартылып, 2014-жылдын 1-декабрында Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылына баруучу 14 чакырым ички чарбалык жол бир багытка ачылып, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу атайын буйрук чыкканга чейин чектөө коюлган.